
@sputnikKZ ал өлкө экономикасына жаңы импульс берүүгө белсенгенин жазды. Өкмөттүн чыгымдарын азайтып, үнөмдөлгөн каражатты инфраструктураны жакшырууга жумшарын билдирген.
Мажлис депутаты президент жаңы өкмөттөн ыкчам, демилгелүү жана креативдүү болушун талап кыларын айтты. Ал мурунку курамга ушул нерсе жетпей калган деп эсептейт.
Бектенов 43 жашта, талапкерлигин Токаев түзгөн “Аманат” партиясы сунуштаган. Аткаминер президенттин администрациясын жетектеп турган. Ага чейин Антикоррупция кызматын башкарган.



