Коом

АКШда каза болгон эки жигиттин сөөгү Кыргызстанга алып келинди

22 жана 21 жаштагы жигиттер Филадельфия шаарында жол кырсыгынан каза табышкан.
КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, “Жүк-200” 8-мартта эртең менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилген.

Каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги жана АКШдагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте ыкчам түрдө уюштурулган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-мартында АКШнын Филадельфия шаарында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button