Коом
Бишкекте жаңы электробус менен жеңил унаа кагышты — ВИДЕО

Борбор каалада Москва жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Жаңы электробус экинчи тилкеден бурулуп бара жатып, жеңил унааны жөөлөп кеткен. Окуяга күбө болгондор видеосун жарыялашты.
Алдын ала маалымат боюнча, электробустун айдоочусу Москва көчөсүнөн оңго бурулуп келе жаткан. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Ким күнөөлүү экени белгисиз.



