Коом

УКМК жок кылынган Камчы Көлбаев кантип канча байлык топтогону тууралуу маалымат берди

Кримтөбөл менен анын жан-жөкөрлөрү опузалап жана басып алуу жолу менен ишкерлердин эсебинен байыган.

Долларлык миллиардер болууга жетишкен.

Кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттиктерин ачып куралдуу топторду түзүшкөн, алар толугу менен алынды.

Көлбаевге жана айланасындагыларга 850 кыймылсыз мүлк катталган. Тагыраагы: хан сарай, коттедж, клубдук үй, батир, эс алуу борборлору, пансионат, ресторан, жер тилке, ат сарай, аңчылык кылуучу жерлер .

Курулуп жаткан эки имаратта 700дөн ашык батирге ээ болгон, баары мамлекетке өткөрүлөт.

60тан ашуун кымбат баалуу унаа.

Зер буюмдар.

Абакта отургандардан, ишкерлерден  “уурулардын казынасын” толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылынган.

Россия, Казакстан, Грузия, Түркия, БАЭ (Дубай) жана Япониядагы мүлктөрүн издөө улантылат. 

УКМК бул иликтөөнүн алгачкы гана жыйынтыгы экенин билдирди. Тергөөдө мындан дагы көп чыгышы мүмкүн.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button