Коом

КМШ саммитине Бишкекти көрктөндүрүүгө 500 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн

КМШ башчыларынын саммитине карата Бишкекти көрктөндүрүү иштерине 500 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров объектилерди текшерүү учурунда билдирди.

«Биз күзүндө саммит болорун билгенбиз, бюджетте каралган болчу. Иш-чаралар планы түзүлүп, 500 миллион сомго жакын каражат пландалган», — деди мэр.

Анын айтымында, көрктөндүрүү боюнча иштер баары бир жүргүзүлмөк. «Албетте, конокторду тосуп аларда дайыма тартипти орнотобуз. Бирок бул иштер биринчи кезекте шаардыктар үчүн жасалып жатат», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button