Коом

Кыргызстан электр энергиянын тарифин көтөрүп, Россиядан 128,8 млн сомго 241 трансформатор сатып алды

Алардын 152си “Кыргызстан улуттук электр тармагынын” кампаларына алып келинди. Компания трансформаторлорду  өз каражатына тендер аркылуу сатып алган. Аларды Россиядагы ири өндүрүшчүлөрдүн бири  «Электрощит — ТМ Самара» ААКсы жеткирип берди.  

Эми трансформаторлор бир айдын ичинде республиканын бардык аймактарындагы электр тармактар ишканаларында орнотулат. 

“Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана жарыкты үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат”, — деди энергетика министри Таалайбек Ибраев. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button