Коом

Боом капчыгайында кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайында, темир жолдун 3901-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш түшүрүү иштери 22-апрелден 26-апрелге чейин кундүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин уланат.

Таш кулатуу иштери жүрүп жаткан учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылып турат.

Буга байланыштуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы айдоочуларды сапарга чыгарды жол жүрүүнү алдын ала пландап алууга чакырыт.

«Иш-чара Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button