Коом

Соцфонддун 2021-жылдагы бюджети 1 763,1 млн сомдук профицит менен аткарылды

Социалдык фонддун 2021-жылы аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын өттү, — деп билдирет Соцфонддун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Соцфонддун жалпы кирешеси 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 62 571,0 млн сомду түздү, бул такталган бюджеттен 100,5 % көп. 2020-жылга аткарылган бюджетке салыштырмалуу 6 514,9 млн сомго же 111,6%га көбүрөөк.

38 378,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү түштү. 2020-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышы 5 201,2 млн сомго же 115,7% өстү.

Аскер кызматчыларынын пенсиялык төлөмдөрүнө, жеңилдетилген пенсияларды, пенсияларга үстөк акыларды төлөөгө жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 23 827,3 млн сом өлчөмүндө түштү.

Социалдык фонд туумдардан жана айыптардан, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк калдыктарга пайыздардан, дивиденддерден ж.б. булактардан 365,0 млн сом киреше алды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдары 60 807,9 млн сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 4 171,9 млн сомго көп.

2021-жылы пенсияга керектелген 50 819,4 млн сом толугу көлөмдө каржыланды. 2022-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2020-жылга салыштырмалуу пенсия төлөөгө керектелүүчү сумма 2 960,4 млн сомго көбөйдү.

2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 714,6 миң адамды түздү, алардын ичинен 222,9 миң адам же жалпы санынын 31% «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 491,7 миң адам же 69% коммерциялык банктар аркылуу пенсия алышат. 2020-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 26,4 миң адамга көбөйдү.

2021-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2 742,1 миллион сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 212,1 миллион сом суммасында каржыланды.

Алдын ала жыйынтык боюнча, 2021-жылы Социалдык фонддун бюджети 1 763,1 млн сомдук профицит менен аткарылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button