Коом
2024-жылдан тарта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көбөйтүлөт
Бул тууралуу депутат Жанар Акаев соцтармактагы баракчасында билдирди.
“Биздин фракция (“Альянс” фракциясы) сунуш берип, маданият министри Алтынбек Максутов менен дагы сүйлөштүм. Тарыхый комплекстин директору Болот Абдрахманов кызматкерлердин айлыгы абдан аз болуп, майыптарды иштетүүгө аргасыз болуп жатканын айткан эле. 2024-жылдан баштап “Ата-Бейиттин” кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көбөйтүлөт жана штаттык бирдик кошулат”, — деди эл өкүлү.



