
И.А. аттуу этникалык кыргыз Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб айылында туулган. 2013-жылы ал Тажикстандан Кыргызстанга келип жарандык алган. 10 жылдан бери КРде жашап, быйыл иштеп келүү үчүн Россияга кеткен. Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөндүктөн чек арадан кармалган.
2013-жылы кармалган жаранга карата Тажикстанда «Бөлүмдү жана кызмат ордун уруксатсыз таштап кетүү» беренеси боюнча иш козголгон. Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстандын аскердик бөлүмүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту жана КР ТИМинин биргелешкен ишинин натыйжасында Кыргызстан жаранынын укугу корголуп, Россия аны Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартты. Россиянын прокуратурасы кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүткөнүн айтып, кыргыз жараны эркиндикке чыкканы кошумчаланды.
@abal-kg



