
Бул туурасында Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди.
Сөзүнүн маанилүү учурлары:
Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз
Бүгүнкү күндө ШКУ дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймагы. Калкынын саны 3,3 миллиарддан ашат же дүйнө элинин 42%дан ашыгын түзөт
Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 45 трлн доллардан жогору
Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү күн тартибибиздеги негизги маселелердин бири
Тилекке каршы, Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселеси көптөн бери талкууланып келет. Бул өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшүн жогорулатууга түздөн-түз көмөктөшмөк. Ал маселе боюнча бир чечимге келебиз деп ишенем.
2022-жылы Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 79,0%ы ШКУ өлкөлөрү менен болду. Мурунку жылга салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүү 1,7 эсеге өстү.
Климаттын өзгөрүшүнө, абанын жана суунун булганышына каршы күрөштө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо күчтөрдү бириктирүүнү сунуштайбыз
2024-жыл ШКУ өлкөлөрүндө Экология жылы деп жарыяланды
ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кийинки жыйыны Пакистанда өткөрүлөт.



