Коом

Таласта милиция кызматкерлери үчүн экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча семинар өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 13-майында Талас облусунда милиция кызматкерлери үчүн семинар өттү. Семинар Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү. Семинарда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Ратбек Турусбеков, Арсен Ажыгулов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусу боюнча өкүлү Темирлан Нурадилов, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаштар жана аялдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Султаналы Гапуров тренер катары чыгышып, милиция кызматкерлерине салттуу исламдын концепциясын, экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясын, социалдык тармактардагы экстремисттик материалдарды аныктоону, Талас облусундагы жалпы диний кылдаал, көйгөйлүү маселелер жана алды чечүүнүн жолдорун айтып беришти.

Талкулоонун жүрүшүндө облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттары, жаштар жана аялдар арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуунун жолдору баса белгиленди.

Семинарды өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан берилген суроолорго эксперттер жоопторду беришип, ошондой эле, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер таратылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button