Коом
Өлкөдө жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 12 пайызга кыскарды
Кыргызстанда 8-марттан тарта күчүнө кирген жаңы жол эрежелеринин негизинде жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 12 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 8-мартынан 16-мартына чейин өлкө аймагы боюнча 213 жаран жол кырсыгынан жаракат алышты. Быйыл ушул эле убакытта 188 жаран жол кырсыгынан жабыркап, жараат алгандардын саны 12 пайызга азайды.



