Коом
Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Канададагы 725 миң долларлык үйү тууралуу маалымат берди

Үч кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусуТеңгиз Бөлтүрүктүн жубайы алардын үй-бүлөсү Канададан сатып алган 725 миң долларлык үйү тууралуу маалыматтарга комментарий берди. Бул тууралуу Илмира Алпысбаева Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, үй 2010-жылы насыяга алынган. Ал айткандарын тастыктоо үчүн документтердин сүрөтүн тиркеген.



