Коом

БШКнын төрайымы элди шайлоого катышууга милдеттендирген демилгени колдобой турганын билдирди

Буга чейин депутат Тазабек Икрамов добуш бербегендерге 5 миң сомдон айып салуу мыйзам долбоорун сунуштаган. 

“Шайлоого катышуу — бул укук, милдет болбошу керек. Конституцияда дагы “Кыргызстанда шайлоолор эркин өтөт деп жазылган”, — деди Нуржан Шайлдабекова. 

Ал талапкерлерди шайлоочулар менен тыгыз байланыш түзүүгө чакырды. БШК төрайымы партиялар өнүгүп, белгилүү саясатчылар чыкса аларга симпатиясын билдиргендер көбөйөрүн, анда мындай мыйзамдар керексиз болуп каларын айтты. Буга эли 100%га чукул катышкан Түркиядагы президенттик шайлоону мисал келтирди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button