
Чолпонбек Абыкеев кичинекей эле оңдоо болорун, депутат айткандай миллиарддаган чыгым кетпейт деп эсептейт. Ал түндүктү көчмөндөрдөн башка мамлекеттер түшүнбөй жатканын айтууда.
“Ушундан улам Батыш, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө күн карамадай көрүнөт. Анан дипломаттарыбызга, сапарга барган жетекчилерге “тууңардын ортосуна күн караманы коюпсуңар, силерде ал баалуу өсүмдүкпү же өтө көп өстүрөсүңөрбү?” деп сурай беришет. Ошондон улам күн карамага эмес, күндүн нуруна окшотсок деген ой жаралган.



