Дүйнө

Франция алтын өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Кайсы өлкө канча өндүрөт — ТИЗМЕ

Дүйнөдөгү борбордук банктардын маалыматтарын анализдеп, алтындын запасы боюнча алдыңкы 10 өлкөнү “РИА новости” маалымат агенттиги тизмектеген.

Бул көрсөткүч боюнча АКШ абсолюттук рекорд менен алдыда. Кошмо Штаттарда алтындын 8,1 миң тонна запасы бар. Экинчи орунга 3,35 миң тонна менен Германия илинсе, Италия 2,45 миң тонна менен үчүнчү орунда турат.

Алтындын запасы боюнча алдыңкы ондукка илинген дагы башка мамлекеттер:

Франция — 2,4 миң тонна алтын;

Россия — 2,36 миң тонна;

Кытай — 2,2 миң тонна;

Щвейцария — 1 миң тонна;

Япония — 856 тонна;

Индия — 801 тонна;

Түркия — 675 миң тонна.

Кыргызстандын алтын запасы эки бөлүктөн турат.

Январь айынын соңунда Улуттук банктын эл аралык резервинин курамында 16,4 тонна алтын бар болчу.

Расмий маалымат боюнча, Кумтөрдөн түшкөн алтын дагы Улуттук банкта сакталат. Банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповдун айтымында, ал жакта 51 тонна алтын бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button