Ички иштер министрлиги 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

2023-жылдын 3-ноябрында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички Аскерлердин кол башчысы, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, окуу жайлардын, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышты.

Андан сырткары областык, шаардык башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилеринин орун басарлары, бөлүм башчылары, райондук –шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери онлайн форматта катышты.
Жыйында үч маселе каралды: ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, үй-бүлөлүк зомбулуктар, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштар, резонанс жараткан фактылар жана алардын алдын алуу иш-чаралары жөнүндө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишмердиктин натыйжалары.

Коллегияны ачып жатып Улан Ниязбеков ички иштер министрлигинин тогуз ай ичинде аткарган иштерине токтолуп, калктын коопсуздугу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ички иштер органдарынын мүмкүнчүлүктөрү жогорулаганын баса белгиледи.
“Бирок, коопсуздукту жакшыртуу үчүн ишке ашырылган аруу максаттар өзүнөн-өзү пайда болгон жок. Бүткүл адамзаттын жашоосуна кадыресе сиңип калган заманбап технологиянын доорунда, экономикалык кыйынчылык мезгилинин тушунда, кайсы гана тармак болбосун, аны өркүндөтүү оңой эмес экенин баарыңыздар жакшы билесиздер. Бул ийгиликтер, күнү-түнү талыкпаган күжүрмөн ишмердиктин, кесиптик өжөрлүктүн, эң башкысы баарыбыздын биримдикте аткарган аракеттерибиздин деми менен ишке ашты деп айта алам. Амбициялуу пландардан алыс болуп, конкреттүү кадамдардын натыйжасында көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жетиштик. Кылмыштуулуктун жаңы түрлөрүнө каршы күрөшүүгө даяр туруу үчүн чет элдик полиция тармактарынан кибер-коопсуздук, санарип тармагы, кылмыш иликтөө, баңгизат, экстремизм, коомдук коопсуздук жана башка багыттар боюнча 300дөн ашуун кызматкерлерди окутуп, практикалык даярдыктан өткөрдүк.
Өлкөбүздүн бардык аймактарына терең талдоолорду жүргүзүп, кооптуу деп эсептелген негизги тилкелерге жана мерчемдүү жерлерге видеокамераларды орноттук. Бүгүнкү күндө, алардын саны 3 миңден ашты. Анын ичинде, 760 камера эл аралык нормаларга жооп берген заманбап камералар болуп эсептелет. Коомдук жайларга күнү-түнү көзөмөл жүргүзгөн “Мониторинг борборунун” ишмердигин чыңдоо үчүн кошумча заманбап технологиялык каражаттар менен камсыздадык.
Натыйжада, 9 айда видеокамералардын жардамы аркылуу 2 миң 500 кылмыштар ыкчам аныкталып, 555 адам мыйзам жоопкерчилигине тартылды. Ар түрдүү мүнөздөгү 500дөн ашык укук бузуулар жана коомдук жайлардагы кылмыштар болтурулбай, бөгөт коюлду. Республиканын аймактарында коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган жерлерде укук бузууларды алдын алуу жана эл арасында пропаганда жумуштарын күчөтүү үчүн, 2 миң 800 кайгуул багыттарын түзүп, 4 миң кызматкерди бекитип, күндүзгү жана түнкү убактарда иш алып баруу тартибин киргиздик. Натыйжада, коомдук жайларда жасалган кылмыштар 6%га төмөндөдү. Киши өлтүрүү фактылары 18%га, автоунаа айдап качуу кылмыштары 16%га, уурулуктар 11%га азайды. Тынымсыз иш-чаралардын жыйынтыгында, 9 айда катталган жалпы кылмыштардын саны, өткөн жылга караганда 3%га аз катталды.
Милициянын 59 көчмө кабылдамалары аймактарды кыдырып, элге жолугуп, жарандардын арыз-билдирүүлөрүн жеринде карап, юридикалык кеңештерди берүүнү улантып жатат. Көчмө кабылдамалар аркылуу элди тейлөөнү жакшыртуу боюнча келечекте дагы кошумча унааларды алып, ишке киргизүүнү пландап жатабыз.
Коомчулук арасында резонанс жараткан кылмыштарды болтурбоо, жол кырсыктарына жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча 40 миңден ашуун профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Эл менен түздөн-түз иш алып барган мамлекеттик органдардын алдыңкы сабында милиция кызматы тургандыктан, кызматкерлердин сырткы келбетин иретке келтирүү үчүн 4 мезгилдин талаптарына жооп берген жаңы формалык кийимге толугу менен өттүк.
Жардам сурап кайрылган жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүп, ишмердиктин даражасын жогорулатуу үчүн аймактык тескөөчүлөр менен жол кыймылын көзөмөлдөө кызматына 1000 даана бодикамера, 500 даана планшеттерди ишке киргиздик.
Тиешелүү кызматтарды, бөлүктөрдү 600 даана компьютердик жана башка колдонуучу заманбап техникалык каражаттар менен камсыздадык. Материалдык-техникалык базаны чыңдап, милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн, өнөктөштөрдүн, демөөрчүлөрдүн жана өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жыл башынан бери 150 автоунаа, 21 мотоцикл алып, элди коопсуз тейлөө боюнча тиешелүү бөлүктөргө таратып бердик.
Натыйжада, катталган кылмыштардын бетин ачуу 4%га жакшырды. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, 6 тоннадан ашуун баңгизаттар аныкталып, өткөн жылга караганда 400 килограммга көп алынды. Кылмыш иштерин калыс тергеп, элдин арыз-даттанууларына туура чечим чыгаруу процедурасын күчөтүү үчүн, “Таза тергөө” программасын ишке ашырганбыз. Аны баарыңыздар билесиздер. Натыйжада, 11 миң 501 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, тергөө жолу менен 2 миң 400 кылмыштын бети ачылды.
Мындан тышкары, эл аралык кызматташтыктын алкагында ири долбоорлорго, натыйжалуу келишимдерге, меморандумдарга жана коомчулукту тейлөө сапатын чыңдоо боюнча шарт түзүү үчүн бир катар макулдашууларга жетиштик. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, “АвтоУраган” аппараттык-программалык комплексинен 20 даана алынып келинди. Аталган иш-чаралар калкыбыздын коопсуздугун бекем сактоого, жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткарууга, функционалдык мүмкүнчүлүктү жакшыртууга карата жасалып жаткандыгын билдиремин. Сиздерге тогуз айда орун алган ийгиликтердин негизгилерин гана белгилеп өттүм. Дагы башка жетишкендиктер көп. Бирок, муну менен гана чектелип калбастан, калкыбыздын коопсуздугун жакшыртууга байсалдуу жолду уланта беребиз демекчимин. Эң башкысы, ар бириңиздер жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, коом алдында ак ниет кызмат өтөйсүздөр деп ишенем”,-деди Улан Ниязбеков.
ИИМдин Басма сөз кызматы



