Коом
Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 18 чакырымын макулдашты

Жолугушуу жана протоколго кол коюу Тажикстандын Согду облусундагы Бустон шаарында болгон.
Тараптар мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо иштерин эмкиде, Кыргызстандагы жолугушууда жасалмакчы.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелерин Жаңы жылга чейин чечип алышарын билдирген эле.
Октябрдын башында Кыргызстан менен Тажикистан протоколго кол коюшкан. Анда аталган документке кол коюу “эки өлкөнүн ортосундагы бардык чек ара маселелерин чечүүгө негиз берет” дешкен.
Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 972 миң чакырым. Август айындагы маалыматтарга таянсак, алардын 290 чакырымы тактала элек.



