Спорт

Аргентина жеңишти майрамдоо үчүн бүгүнкү күндү эс алуу деп жарыялады

Аргентинанын бийлиги Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңишти майрамдоо үчүн бүгүнкү күндү, 20-декабрды улуттук эс алуу деп жарыялады. Аргентиналыктар кураман командасын да тосуп алганы жатышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенттик администрациясынан маалымдашты.

18-декабрда Аргентинанын курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын тарыхында үчүнчү жолу (1978, 1986, 2022) жеңишке жетти.

Чемпиондор бүгүн, 20-декабрда түшкү убакытта Буэнос-Айрестин борборундагы аянтка барышат. Дал ушул жерде башкы беттеш өткөн күнү он миңдеген жарандар жеңишти белгилөө үчүн чогулушкан эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button