Окуялар

Татарстандагы автокырсыктан эки кыргызстандык каза тапты

Татарстандагы автокырсык эки кыргызстандыктын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын элчилигинин Казань шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына караганда, каргаша 15-мартта Альметьевск районунда болгон. КамАЗ менен Kia Carnival кагышып, 39 жана 38 жаштагы кыргызстандыктар ошол жерде көз жумган. Маркумдардын сөөгү Альметьевск шаарындагы өлүкканага жеткирилген.

Учурда тартип сакчылары жол кырсыктын чоо-жайын тактап, каза тапкандардын жакындарын издеп жатат.

Башкы консулдуктан бул окуя алардын көзөмөлүндө экендигин айтышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button