
Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин каза болгон жубайы менен коштошту зыйнаты Павлодарда болду.
Маркумдун курбулары Индира менен Мадина Нукенова менен Бишимбаев таанышкандан 2 айдан кийин баш кошушканын айтышты. Алардын айтымында, Куандык Бишимбаев болочок жубайын былтыр Instagram баракчасынан көргөн. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Салтанат досторуна күйөөсүнүн кызганчаактыгы, тез-тез урушуп, ур-токмокко алганына даттанган.
Курбулар анын кош бойлуулугу жана анын жеке жашоосу тууралуу социалдык тармактарда тараган башка ушактарды четке кагышты.
«Азыр соцтармактарда ар кандай фейк маалыматтар тарап жатат, ал кош бойлуу эмес болчу жана ажырашууну да көздөгөн эмес. Алар күйөөсүнүн көзүнө чөп салган дешүүдө. Мунун баары калп»,- дешти алар.



