Коом

Камчыбек Ташиев Джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду алган УКМК кызматкерине “ЭРДИК” төш белгисин тапшырды — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 15-ноябрында, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын  орун басары- УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев Джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Т.Джанаев менен жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Анда  Камчыбек Ташиев Т.Джанаевди жеңиши менен куттуктап, мындай утуштар кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле төрага, спорт чемпиондорунун ийгиликтүү жеңиши жаштарды патриоттуу болууга үйрөтөөрүн, андыктан мамлекет спортчулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү улантаарын кошумчалады.

Өз кезегинде Т.Джанаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди жаратууга аракеттенээрин убадалады.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө УКМК төрагасы Т.Жанаевге ведомстволук «Эрдик» сыйлыгын тапшырып, ага ден соолук каалап, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.

Эске салсак, 2023-жылдын 2-10-ноябрында Абу-Дабиде (БАЭ) джиу-джитсу боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп, ага  127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан.

Чебер эркектер арасындагы күрөң  кур номинациясындагы 77 кг салмакта 1-орунду КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээлеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button