Коом
Таштандыдан табылган наристеге Садырдан башка ысым берилгени маалым болду
Таштандыдан табылган баланын аты Садыр коюлган жок. Бул тууралуу журналисттерге Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Буга чейин № 1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимова ага өлкө башчынын атынан Садыр деген ысым берилгенин айткан, бирок кийинчерээк туулгандыгы тууралуу күбөлүктө башка ысым көрсөтүлгөн.



