Коом

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн делегациялары жолугушту

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана  бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу өз ара түшүнүшүүнүн жана  достуктун алкагында өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button