Коомдук ишмер Расул Айдаров Ноокат районундагы 3 мектепке интерактивдүү доска белек кылды

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан Т. Темиралиев атындагы орто мектебине, Тажибай орто мектебине жана А. Мирмахмудов айыл аймагындагы Н. Пазылов атындагы орто мектебине Тайлакбай Темиралиев агайдын окуучусу, коомдук ишмер Абдрасул Айдаров тарабынан ар бири 100 миң сомдон турган акыркы үлгүдөгү интерактивдүү доска толук комплектиси, видео проектору жана башка шаймандары менен тапшырылды.

Мындай маалымат Facebook социалдык тармактагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн баракчасына чыкты.
“Билим берүү мекемелерине мындай окутуунун техникалык каражаттарынан жардамдар мындан ары да берилет. Билим берүү мекемелери билим берүү багытындагы ишмердүүлүктөрүндө жетишкен ийгиликтерине карап, дагы башка дем берүүчү иш-“чараларды уюштурабыз” – деди өз сөзүндө Абдрасул Айдаров.
“Бул билим берүүгө болгон чоң инвестиция.

Мамлекет мүмкүн болушунча билим берүүнү жакшыртуунун бардык аракеттерин көрүүдө. Ошол эле учурда мекенчил жарандардын, жеке ишкерлердин дагы көңүл буруусу бул сөзсүз мугалимдерге дем берет”, – деди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев.



