Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 26-27-ноябрь күндөрү Анкара шаарында өтөт.
«Маданият күндөрү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына, белгилүү кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына карата уюштурулууда», — деп айтылат маалыматта.
Элчилик бардык мекендештерди жана досторду иш-чараларга чакырат.