Коом

Жалал-Абадда 18 жаштагы кыз жаңы төрөгөн ымыркайын таштандыга таштап кетти

Жалал-Абадда 18 жаштагы кыз жаңы төрөлгөн баласын таштанды таштоочу жайга калтырып кеткени маалым болду. 

Милициянын маалыматы боюнча ал саат 7:30 чамасында ижарага алып жашаган үйүнүн душуна кирип кыз төрөгөн. Андан соң коркуп жаш баланын кийимине ороп, сыртка алып чыгып таштанды таштоочу жерге таштап койгон. Жерде жаткан баланы көргөн жаран милиция чакырып, биргеликте төрөт үйүнө алып барышкан. 

Медиктер ымыркай үшүп калганын, оор абалдагы ымыркайдын бою 44 сантиметр, салмагы 2 300 грамм экенин айтышкан. 

Окуя 18-ноябрда Спутник шаарчасында болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button