Коом

Айдоочулардын эсине! Өлкөдө»Рулда» аталышында рейд жүрүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга өлкө аймагында «Рулда» аталышында рейд жүрүп жатканын эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, башкармалыктын атайын адистештирилген ротасы тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында бүгүнкү күндөн тартып декабрь айынын аягына чейин Кыргызстандын бардык аймагында «Рулда» аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.

«Рейддик иш-чара учурунда айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыра айдаган жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button