Коом

Чүй өрөөнүндө кыш кыскарып, жай узарды – Улуттук илимдер академиясынын башчысы

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун маалыматы боюнча, климаттын жылышына байланыштуу Чүй өрөөнүндө мезгил узактыгы боюнча да, башталган датасы боюнча да өзгөрдү. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов билдирди.

«Бишкек метеостанциясынын маалыматы боюнча, кыштын узактыгы 95 күндөн 71 күнгө кыскарды, жаз 3 күнгө узарды. Жай 145 күндөн 154 күнгө узарды.

1931-1960-жылдары күздүн узактыгы 59 күн болсо, 1961-1990-жылдары 75 күн болгон, андан кийин 1991-2021-жылдары 71 күнгө кыскарган. Күз менен кыш эми кечирээк келип, жаз менен жай эрте келип калды», — деп жазган ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button