Коом
Айдоочунун эсине! Таштандынын жанына унаа токтоткондорго айып салынат

Мэриянын маалыматына ылайык, таштанды контейнерлеринин жанына унаа токтоткондорго айып пул салынат.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды контейнерлеринин жанында токтоп турган унаалардын айынан таштанды чыгарууда тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди. Ишкананын кызматкерлери белгиленген график боюнча катуу тиричилик таштандыларын чыгарышат. Ал эми аткарылышы керек болгон иштер токтоп турган унаалардын айынан бир канча убакытка кечигүүдө.
Эскерте кетсек, тыюу салынган жерге токтотулган жана таштанды ташуучу унаанын урналарга өтүшүнө тоскоол болгон унааларга жол тескөөчүлөр тарабынан айып салынып, айып пул салынуучу жайга жөнөтүлөт.



