Коом
Турсунбай Бакир уулу “экс-президенттин көңүлдөшү” деп атаган журналист Лейла Саралаевага соттон утулуп калды

Сотко кайрылууга 2023-жылдын 12-августунда Бакир уулу Саралаеваны кемсинткен деп эсептеген билдирүүнү өз баракчасына жарыялаганы себеп болгон. Бул Ленин районундагы кайталап шайлоо учурунда болгон, ал жерде экөө тең Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болушкан.
Лейла Саралаева Бакир уулунан моралдык зыян келтиргендиги үчүн 1,5 миллион сом өндүрүүнү талап кылган.
Сот Бакир уулун социалдык түйүндөрдө тараткан маалыматты чындыкка дал келбейт деп таанууну жана аны өчүрүүнү милдеттендирди. Бирок сот Борбордук шайлоо комиссиясы ага шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салганын түшүндүрүп, моралдык компенсация берүүдөн баш тартты. Бирок, БШК салган 12,5 миң сом айып пулду Турсунбай Бакир уулу алигиче төлөй элек экен.



