Пайдалуу кеңештер

Ангина бөйрөк оорусуна алып келет

Бөйрөктүн ооруганы көп сезилбейт. Мындан улам оорусу барлар көп учурда аны байкабай жүрө беришет.


Бөйрөк оорусун алдын алуу жөнөкөй болгону менен ошол эле учурда татаал.
Дарыгер бөйрөк суукту «жаман көрөрүн» айтып, кышкысын жылуу кийинүү керектигин эскертти.

Бөйрөк суук тийгенде катуу жабыркайт, эгерде ага инфекция кошулуп калса, абал кыйла оорлошуп кетет. Бирок бул органдын ооруганы сезилбейт, андыктан көп учурда бөйрөгү ооруп жатканын билбей жүрө бергендер болот.

Инфекциялык илдеттер менен адаттагы ангина дагы бөйрөктүн олуттуу ооруга чалдыгуусуна себепкер болушу мүмкүн.

Андыктан сасык тумоону, суук тийгендеги ооруну как айыктыруу зарыл. Болбосо бул өлүмгө чейин алып барат. Менин практикамда өкүнүчтүү окуя болгон. Бир киши сынган бутун ириңдетип алган. Оору ырбап кетип, организмге кирген инфекциядан улам киши бөйрөгүн алдырган. Эми гемодиализ менен жашап жатат», — деп эскерди адис.

Ал ошондой эле керектүү өлчөмдө суу ичип туруу зарылдыгын айтты. Суу жетишсиз болгон учурда бөйрөктө таш пайда болорун түшүндүрүп, жылына бир жолу дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп коюу ооруну алдын аларын дагы бир ирет эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button