Коом
Баткендин Кызыл-Жол айылынын тургундары айылдаштарына жардам беришти

Аталган айылда жашагандар короосунан 40 баш кой, 10 эчки айдап чыгып, муктаж үй-бүлөлөргө берген. Атасынан эрте ажырап, апасы жалгыз тарбиялап жаткан 20 бүлөгө 3төн кой, аз камсыз болгондорго бирден кой, эчки тартуулашкан.

Муфтият демилгени айыл имамдары көтөргөнүн билдирди. Кээ бирлери короодогу малын берсе, айрымдары акчалай түрүндө жардамга кол сунган. Айылда 7 миңден ашуун калк жашайт.

@abal-kg



