Эсептөө палатасы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө 11 млн 030,7 миң сом суммасындагы бюджеттик каражаттар уурдалгандыгын аныктады

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу окуу жайларында, райондук билим берүү жана башка ведомстволук бөлүмдөрүндө 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышына пландык аудиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө, бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Аудиттин журүшүндө 11 млн 030,7 миң сом суммасындагы мамлекеттик акча каражаттарынын уурдалгандыгы (хищение) аныкталган.
Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 2022- жылы – 9 млн 408,9 миң сом, 2023-жылы – 1 млн 621,8 миң сом акча каражаты негизсиз которулган, — деп билдирди Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан.



