Коом
Бишкекте Wok Lagman тез тамактануучу жайынан массалык уулануу катталды

Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу департаменти билдирди.
4-декабрда түнкү саат экиде адамдарда уулануунун алгачкы симптомдору байкалган. Жалпы беш киши жабыркап, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Лабораториялык изилдөөлөр “Тамак-аш токсикоинфекциясы” деген диагноз койгон.
Тез татым жайына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, санитардык эрежелер бузулганы аныкталган. Аларга салынган айыптын суммасы 23 миң сомду түздү.



