Коом
Саламаттык сактоо министрлиги Россиядан 107 машина алды

Медициналык мекемелер үчүн атайын техникалар “COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында $3 млн. гранттык каражатка сатып алынган. Бул туурасында Акылбек Жапаров билдирип, бүгүнкү жуманы өлкө үчүн кубанычтуу күн деп атады.
Төмөнкү техникалар тапшырылды:
▪️47 тез жардам унаасы
▪️54 санитардык транспорт
▪️өлүк ташыган 4 атайын машина
▪️2 дезинфекциялык автоунаа
Россиянын элчиси Николай Удовиченко РФ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн тынымсыз колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Анын айтымында, мындай адистештирилген түрдүү техникалардын берилиши — боордош элдердин достук мамилесинин анык далили.



