Коом

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов Аксы жана Ала-Бука РИИБне барды

Өтүп бара жаткан апта ичинде, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов облустагы Аксы жана Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмдөрүнө барып, өздүк курамы жана иштөө шарттары, нөөмөт бөлүмчөлөрү, убактылуу кармоочу жайлардын абалы менен жеринен таанышып чыкты.


Таанышуу өздүк курамга жыйын өткөрүү менен уланып, учурда аткарып жаткан иштери, оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен күрөшүү, алардын мыйзамдуу жана сапаттуу тергелишине токтолуп, ошону менен катар жаралган көйгөйлүү маселелерди угуп, алдыдагы мерчемделген иш-чаралардын өз мөөнөтүндө аткарылышына токтолуп өттү.
Жыйында Марлис Асанов РИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамына ИИМдин койгон тапшырмаларын жеткирүү менен калктуу катмар менен жакындан иштешип, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда жумуштарды күчөтүү боюнча бир нече тапшырмаларды койду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button