КоомСпорт

Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барып, жаш балдарга мастер-класс өтөт

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спортчу Баткенде КР президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушат.

Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында мектеп окуучулары менен жолугуп, андан соң Баткен районунун Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен чоң жолугушуу өткөрүлүп, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button