“Дордой” соода-базар комплекси соодагерлер жана ишкерлер үчүн ижара акысын төмөндөттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык реформасын колдоп, ишкерлердин каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында “Дордой” соода-базар комплексинин жетекчилиги контейнерлер үчүн жер тилкелеринин ижара акысын төмөндөтүү чечимин кабыл алды.
Ижарачылар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча арендаторлорду женилдетилген шарттарда колдоо жөнүндө жалпы чечим кабыл алынды.
Дүң дүкөндөрдө ижара акысы эки эсеге кыскарган. Чекене соода катарларында ижара акысы 30 пайызга төмөндөтүлгөн.
“Дордой” соода жана оюн-зоок комплексинде базарды реконструкциялоо боюнча кошумча чаралар көрүлдү. Инфраструктура жана коммуникация жакшырат. Кошумча коомдук тамактануу жайлары жана дааратканалар курулат, жаңы автобус каттамдары уюштурулат.



