Коом
Бишкекте улуттук драм театры октябрь айындагы репертуарын жарыялады

Бишкек шаарында жайгашкан Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры октябрь айына карата жаңы репертуарын жарыялады.
Маалыматка ылайык, театрдын 99-сезону белгилүү драматург Жалил Садыковдун «Төлгө» спектакли менен ачылат.
Театр администрациясы спектаклдер адаттагыдай эле саат 19:00дө башталаарын маалымдады. Толуктураак репертуар жакынкы күндөрү жарыяланат деп күтүлүүдө.




