Коом

16-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Синоптиктер аба ырайына байланылтуу чукул билдирүү таратып, өлкө аймагында 17-февралдан тарта суук болорун эскертишти.

Бүгүн үндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Ысык-Көл облустарында күндүз 2…7, Талас облусунда 1…6 градус, Нарында -3…+2 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 7…12 градус жылуу болушу ыктымал,

Бишкек шаарында бүгүн жаан, кар жаайт. Абанын температурасы күндүз 3…5 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button