Коом
Ат-Башылык тургун социалдык келишимден алган 100 миң сомго чакан наабайкана ачты

Дамира Турдалиева дан азыктарынын түрүн даярдап дүкөндөргө сатып, тойлорго дагы буйрутма менен нан жасап берет. Өзүнө жардамчы кылып эки айылдашын да жумушка алган. Учурда анын айлык таза кирешеси 20 миң сомго жетип калды. Ал буга чейин эки баласына мамлекеттен жөлөк пул алып келген.
Ишкер айым наабайканасын кеңейтүүнү пландап жатат. Район акими Эмилбек Абдыкадыров жер тилке маселесин чечип, ар тараптан колдоону убадалады.



