Коом

7-сентябрга карата аба ырайы

Ишембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаай турганы айтылган. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүйдө 13…18, Талас облусунда 12…17, Нарын өрөөнүндө 15…20, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 14…19 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте 16…18, Ош шаарында 23…25 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button