Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө тоо текелерди аткан егерь кармалды

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан алынган ыкчам маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жазык кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Кол ОИИБдин кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана климат боюнча министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы бирдикте , КР жаратылыш ресурстары, экология жана климат боюнча министрлигинин Ысык-Кол регионалдык башкармалыгынын егерь болуп иштеген К.А. Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылып, 5 даана тоо текени атканы тастыкталган.

Окуя болгон жерди кароо маалында 5 баш тоо текенин баштары жана терилери табылып алынды. Шектүү К.А. Кыргыз Республикасынын Кышмыш жазык-кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button