Коом
Кыргызстанда баш паанек сураган 1миң 141 адам жашайт

Кыргызстанда жашаган качкындардын саны 138 адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова брифингде билдирди.
1-ноябрга карата Кыргызстанда 138 качкын жашайт, баш паанек сурагандардын саны — 1 мин 141 адамды түзөт.
Анын айтымында, 16 миңден ашуун чет элдиктерге эмгек квоталары аныкталып, алардын 98,5 пайызы Кыргызстандын аймагында иштешет.
Чет элдик жумушчулардан республикалык бюджетке 229 миллион сом түшкөн.



