Коом
Ошто эже-сиңдилер жалган документ жасатып 32,4 млн сомдук үйлөрдү сатып жиберген

Милиция шектүү катары 42 жаштагы О.А. жана 41 жаштагы О.Ж аттуу аялдарды кармады.

ИИМдин версиясы боюнча алар Кара-Суу районунан башка эле бирөөнүн 2 кабат үйүн (жери 6 сотых) үйүн көрсөтүп 21,2 млн сомго сатып жиберген. Ал эми техпаспортун жасалмалашкан. Жабырлануучудан акчаны алгандан кийин из жашырышкан.
Эже-сиңдилер ушундай эле ыкма менен дагы бир турак жайды 11,3 млн. сомго саткан.
Шектүүлөр кармалгандан кийин кылмышка кызмат адамдарынын да тиешеси бар экени маалым болду.
@abal-kg



