Коом
Кыргызстанда автоунааларга милдеттүү түрдө видеокамера орнотуу сунушталды

Мыйзам долбоорун ИИМ демилгелеп, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Эгер кабыл алынса 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Видеокаттагычты айдоочулар өз чөнтөгүнөн сатып алууга милдеттендирилет. Эрежеге баш ийбегендер 1000 сом айып пул төлөйт.
Бул жол эрежелерин бузууну жана кырсыктарды алдын алуунун чарасы экени белгиленген.



