Коом

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курамалары Дубайда контролдук беттеш өткөрөт

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары бүгүн, 25-декабрда Дубайда контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Беттеш машыгуулар алкагында өтүп, анда оюнчуларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелбейт.

«Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта орун алат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button