Коом

Жогорку кеңеште педофилдердин сүрөттөрүн коомдук жайларга илүү сунушу айтылды

Депутат Замирбек Мамасадыков педофилдердин сүрөттөрүн коомдук жайларга илүүнү сунуштады. Бул пикирин ал парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин жйыынында билдирди.

Жыйында депутат Марлен Маматалиевдин мыйзамда педофилдер үчүн каралган жазаларга толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан. Маматалиевдин айтымында, азыркы мыйзамда педофил жашы 60тан ашса, өмүр бою эркинен ажыртуу колдонулбайт деген норма бар. Мындан улам ал бул норманы мыйзамдан алып салууну жана педофил 60тан ашса да, аны өмүр бою эркинен ажыртууну сунуштоодо. Ошондой эле ал мыйзамга педофилдерге пробация колдонулбаш керек деген норманы киргизүүдө.

Талкуу учурунда депутат Замирбек Мамасадыков коомчулук билиши үчүн педофилдердин тизмесин түзүп, сүрөттөрүн коомдук жайларга илүүнү сунуштады.

«Негизи педофилдер айбандар менен эле бирдей дешет. Алар түрмөдө өмүр бою чириш керек. Педофилдер жазаны алып бүткөндөн кийин дагы 99%ы кайра кайталайт. Булар айыкпай турган адамдар. Мектеп, бала бакча жайгашкан аймактарда педофилдердин жашоосуна тыюу салуу керек. Булардын тизмесин, сүрөттөрүн коомдук жайларга илиш керек. Ушул ыкмалар дүйнөлүк практикада колдонулат», — деди депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button